Туулган жери жана жылы: 1948-жылы 21-сентябрда Кочкор районуна караштуу Комсомол айылында туулган.
Улуту: кыргыз
Бүткөн окуу жайы:
Билими: жогорку
Кесиби: тарых
Иштеген жерлери:
- Эмгек жолун 1971- жылы Быстровка заводунда жумушчу – оператор болуп баштаган.
- 1977 -1978 – окуу жылынан XXV партсъезд атындагы сегиз жылдык мектепте кол эмгек мугалими болуп кабыл алынган.
- 1981 – 1982 – окуу жылында Кара – Коо орто мектебине окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон.
- 2001 – жылдын сентябрь айынан 2008 – жылдын август айына чейин Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине директор болуп дайындалган.
- 2008 – жылдан 2018 – жылга чейин кайра өзү иштеп кеткен (Кара – Коо) азыркы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп – гимназиясына директор болуп эмгектенген,
- 2018 – жылдын июнь айынан тарта ардактуу эс алууга чыгып, ушул эле Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп – гимназиясында 2020-жылга чейин тарых сабагынан мугалим болуп иштеген.
Сыйлыгы:
- Нарын облустук билим берүү борборунун “Ардак грамотасы” 1998 – жыл.
- Билим берүү министрлиги “Билим берүүнүн мыктысы”.
- Облустук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” 2005-жыл.
- КР Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.