Жан дүйнөгө азык тартуулаган театр актёрлору.
Бүгүн 13-март күнү Кочкор маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган Чыңгыз Айтматовдун » Ак Кеме» чыгармасы сахналаштырылды. Чыгарманы актёрлор жогорку деңгээлде аткарып, көпчүлүктү ыраазы кылышты. Залда көбүнчө окуучулар болду. Жана дагы баса белгилеп айта кете турган нерсе спектаклдын баш каарманы Нургазынын ролун биздин мектеп-гимназиябыздын 9-а классынын окуучусу Союзбек уулу Билимбек аткарды.
Жогорку чеберчиликте аткарылган ролдор көрүүчүлөрдү ыраазы кылып, жан дүйнөлөрүнө азык тартуулап, театрга болгон кызыгууларын ойгото алышты.
Сөз соңунда жалпы сахнада ойногон актёрлорго терең ыраазычылык билдиребиз. Жана дагы көп көп ушундай чыгармаларды даярдап аткарып турсаныздар, окуучулардын искусствого болгон кызыгуулары артат деген ишеничтебиз.
Комментарии