Волейбол боюнча облустук турнирде районубуздун курамасы 2-орунду ээледи
Бүгүн, 1-апрелде Нарын шаарында волейбол боюнча дене тарбия мугалимдери арасында облустук турнир өттү. Ага 6 команда катышып, Кочкор районунун курама командасы 2-орунду ээледи. Биздин мектептен команданын курамына Токоев Мурат жана Асанбек уулу Акылбек киришкен.
Турнир 6-апрель — Дене тарбия мугалимдер күнүнө арналган.
«Уюштуруучулар бул турнир мындан ары жыл сайын өтөрүн, ошондой эле, волейболдон тышкары башка спорт түрлөрү да кошуларын айтышты. Мисалы, шахмат, теннис»,- деди Мурат Токоев.
«Командада 9 оюнчу болдук. Облустагы ар бир райондон бирден команда келишкен. Оюн кызыктуу болду. Утууга болгон аракетибизди жумшадык»,- деп кошумчалады Акылбек Асанбек уулу.
Оюнчулар грамоталар, медалдар жана топ менен сыйланышкан. Ал эми 1-орунду Жумгал району жеңгени белгилүү болду.
Кочкор районунун курама командасын жеңиши менен куттуктайбыз!
Комментарии