Республикага жолдомо.
Республикага жолдомо.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлиги, » Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган жаш математиктердин АКМО олимпиадасынын 2- облустук баскычы жыйынтыкталды. Бул олимпиадага райондук турдан алдыңкы орунду камсыздаган 6- класстын 160 окуучусу катышып, Кочкор районунан 23 окуучу барган. Биздин мектеп- гимназиядан 7 окуучу катышып, алардын ичинен 1- орунду Каналбеков Эрбол камсыздап Республикалык олимпиадага жолдомо алды.
Ал эми дагы 2 окуучубуз мыкты көрсөткүчкө ээ болгондугу үчүн грамоталар менен сыйланган. Даярдаган мугалими Усубалиева Үмүт Жолдошбековна
Каналбеков Эрболдун окуткан мугалими Туршаева Гулнара Боталиевна.
Жалпы окуучулары ийгилик жаратып жаткан мугалимдерди чын дилден куттуктайбыз.
Берген билиминиздер менен окуучуларды ийгиликтерге жетелей бериңиздер.
Комментарии