«Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагы мектеп үчүн жемиштүү болду
9-март күнү «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу кароо- сынагы райондук деңгээлде өттү. Ага мектебибиздин атынан 8 окуучу катышып, 7 окуучу окуучу байгелүү орундарды багынтып, облустука жолдомо алышты.
Сынактын максаты — жаш таланттарды алып чыгуу, колдоо көрсөтүү. Катышуучулар өнөрлөрүн төрт номинацияда тартуулашты: вокал, хореография, сүрөт жана инструменталдык жанр.
Катышуучунун аты-жөнү | Номинация | Алган орду |
Темирбекова Алия | Сүрөт | 1 |
Болотбекова Аделина | Бий | 1 |
Эркинбекова Анель | Бий | 1 |
Абдиева Аделина | Бий | 2 |
Темирбеков Элдар | Ыр | 1 |
Шүкүрбекова Карима | Ыр | 2 |
Сыргаков Сүйүнбек | Улуттук аспап | 1 |
Кадырбеков Бекзат | Улуттук аспап | 2 |
Орун алган окуучулар грамоталар менен сыйланышты.
Комментарии