«Кара Коо периси-2023» сынагынын жеңүүчүсү деп Туларбекова Танзила табылды
Бүгүн, 6-мартта 6- жана 7-класстарынын арасында «Кара Коо периси-2023» сынагы өттү. Ага 12 класстан бирден окуучу кыз катышты. Сынак Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк — Улуттун жүзү» жарлыгынын негизинде 4 этаптан турду. Алар: таанышуу, Кыргыз элинин белгилүү айымдары жөнүндө көркөм окуу, улуттук кийимди даңазалоо, хобби.
Кароо-сынактын максаты — чыгармачыл окуучулардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүү, интеллектуалдуу сергек жашоо мүнөзүн жүргүзгөн, социалдык жигердүү инсандын калыптанышына өбөлгө болуу. Ошондой эле, окуучулардын чыгармачыл дараметин аныктоо жана үй-бөлөлүк байланышты бекемдөө.
Катышуучулар Бүбүсара Бейшеналиева, Курманжан Датканын, Самара Каримованын «Жетим кыз» монологун, «Манкурт» тасмасынын, «Саманчынын жолу» тасмасынын башкы каармандарынын монологдорун аткарышты.
Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду 7-«Г» классынын окуучусу Туларбекова Танзила, 2-орунду 7-«В» классынын окуучусу Абдиева Аделина жана 3-орунду 6-«Е» классынын окуучусу Жылдызбекова Асема ээледи. Ал эми калган катышуучулар номинацияларга ээ болушту:
№ | Катышуучунун аты-жөнү | Классы | Номинациясы, орду |
1. | Турусбекова Тойяна | 6 А | «Татынакай кыз» |
2. | Сабырбекова Элайым | 6 Б | «Эмгекчил кыз» |
3. | Алпамышева Акылай | 6В | «Жылдыздуу окуучу» |
4. | Каныбек кызы Акылай | 6 г | «Таланттуу кыз» |
5. | Бейшенбек к. Ширин | 6Д | «Чыгармачыл кыз» |
6. | Жылдызбекова Асема | 6 Е | «Сүйкүмдүү кыз», 3-орун |
7. | Алкожоева Альбина | 7 А | «Сезимтал кыз» |
8. | Ашырбекрва Айсулуу | 7 Б | «Сахна ажары» |
9. | Абдиева Аделина | 7 В | «Акылдуү кыз», 2-орун |
10. | Туларбекова Танзила | 7 Г | «Кара-Коо периси», 1-орун |
11. | Данилова Мариям | 7Д | «Өнөрлүү кыз» |
12. | Рысбекова Акмарал | 7 Е | «Мээримдүү кыз» |
«Бул жылда 8-мартка өткөрүлүүчү сынак. Катышуучулар бүгүнкү күндө мыкты даярдык менен келишиптир. Силерди даярдаган класс жетекчилерге, ата-энелерге, классташтарыңарга ыраазычылык билдиребиз. Дагы бир жолу айтабыз, класстан тандалып келгениңер эле — жеңиш»,— деди Класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Айнура Касымалиева.
«Урматтуу катышуучулар, ата-энелер саламатсыздарбы! Биринчиден, 5 — март Ак калпак, 8-март Айымдар майрамы менен куттуктайм. Үй-бүлөңөрдө тынчтык, бейкутчулук болсун. Президенттин жарлыгына ылайык, сынактын жобосу түзүлгөн. Калыстар тобуна чыны менен оор боллу, тандоо кыйын болду, себеби даярдык жакшы экен. Силерге моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн ата-энеңерге ыраазычылык билдирем. Ал эми класс жетекчилерге да ыраазычылык, ар бириңерге туура роль берип чыгарышты. Айрым номерлер жобого туура келбегендигине байланыштуу, мыкты аткарылса да, бааны төмөндөтүүгө туура келди. Баарыңарга ийгилик».
Мектепте актерлук чеберчилик ийриминин башчысы, калыстар тобунун мүчөсү Кубан Алимов төмөнкүлөргө токтолду:
«Бардыгыңыздарды келе жаткан майрамыңыздар менен! Окуучуларга айтып жүргөнүм сахна өзүнчө, сабак өзүнчө. Сабактан тышкары, маданиятты да унутпашыбыз шарт, анткени ал бизге керек. Эми бул сынакта эмгектин көпчүлүгү мугалимде. Мугалимдерге ыраазычылык! Нинакан Жүндүбаева мектеби ийгиликтүү мектеп. Мектебибиз дагы да ийгиликтерге жетсин!».
Калыстар тобу жыйынтык чыгаргыча, көрүүчүлөр арасында каалоочулар өз өнөрлөрүн тартуулап ырдап, бийлеп, комуз чертип беришти.
Комментарии