Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
2011-жылдан бери жыл сайын 5-март күнү «Ак калпак» күнү белгиленип келүүдө. Бул күнү өлкөнүн баардык аймактарында мырзалар ак калпагын кийип өзгөчө көрк менен тосушат. Жаздын келиши менен аска зоодой көрк берген ак калпактын майрамынын болушу да бекеринен эмес.
Бүгүн Нинакан Жүндүбаева атындагы инновациялык мектеп гимназиясыда дагы ушул күндүн урматына «Ак калпак» күнү белгиленип 9- класстын окуучуларынын өзгөчө жүрөктү титиреткен, патриоттук бийи жана «Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» деген урааны ар бир салтанаттын катышуучусунун атуулдук сезимдерин ойготуп, Кыргыз болуп жаралып калгандыгына сыймык жаратты.
Арыба кыргыз элим.
Ак калпагын башыңдан түшпөй зоболоң көтөрүлсүн.
☑️Биздин баракчабызга катталууну унутпаңыздар
? Сиздердин калтырган комментарийлер ✍️ биздин ишибизге дем берет.
Комментарии