9-класстын окуучусу FLEX программасы менен АКШга кетет
9- «Г» классынын окуучусу Акматказиева Альбина FLEX программасы менен Америка кошмо штаттарына быйылкы окуу жылы менен кетет. Бул тууралуу класс жетекчиси, англис тили сабагынын мугалими Солталиева Бааркүл кабарлады.
«Альбина класста жоопкерчиликтүү, таланттуу, лидерлик сапаттары бар окуучулардын бири. Мындан тышкары, Кочкор районунун жаштар уюмунда иштеп, коомдук иштерге активдүү катышып келет. Ошондой эле, ыктыярчы катары да иштерди аткарып жүрөт. Абдан жакшы окугандыктан, кызыл аттестатка көрсөтүлүп жатат»,- дейт класс жетекчиси.
Альбина англис тилине гана кызыкпастан, химия сабагынан да райондук олимпиадага катышып 5-орунду камсыздаган. Сабактан тышкары, ырдаганды да жакшы көрөт. Белгилей кетсек, окуучубуздун жеңишине англис тили мугалими Үсөнкадырова Гүлжандын да салымы чоң.
Бааркүл Сабырбековнанын айтымында, Альбина ийкемдүү, сынды туура кабыл алат, классташтары менен тил табыша алган, ишеничтүү окуучу.
«Бир эле окуу жагын эмес, лидерлик жагын да өрчүтүүгө аракет кылса, бул программада жеңерине ишенчүмүн. Ошондуктан, лидерлик сапаттарды тарбиялоого аракеттендик»,- деп кошумчалады Бааркүл Солталиева.
Эскерте кетсек, FLEX программасынын негизги максаты — эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине болгон мамилесин жакшыртуу. Анын негизинде жеңүүчүлөр аталган өлкөнүн мектебинде бир жыл бою бекер окушат жана америкалык үй-бүлөнүн карамагында болушат. Программа АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан ишке ашырылат.
Комментарии