«Булак» жаш экологисттер командасынын иштери жана ийгиликтери
Кыргыз Республикасыныни президентинин 2022-жылдын 2 – февралындагы ”Тоолордун экосистемасын коргоо жана климтаттык турукутуулук жылы” атындагы жарлык алкагындагы “Жашыл мурас” өнөктүгүн колдоо максатында Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 8-класстары арасында уюшулган «Булак» командасы 13-май 2022-жылы Кочкор районун борборунда жайгашкан 3 мектептин арасында уюштурулган экологиялык кароо сынакка катышып 6500сом утуп алышты.
Булак командасы өзүнүн алгачкы иштерин 2018-жылдан тартып иштеп башташкан. Мектепте алгач аталган жарлык педкеңеште талкууланып, анын негизинде план иштелип чыгып, директор тарабынан бекитилип иштер аткарылууда
- Апрель айында пландын негизине 5 класстан баштап 11 класстарга территориялар бөлүнүп, гүлдөр мектептин территориясында гүлдөр отургузулган. эч нерсе айдалбай турган жерге булак командасы өздөштүрүп, гүлдөрдү отургузушуп, атайын дизайн чийип чыгышкан.
- Жаратылышты коргоо жана Кочкор айылынын экологиялык көйгөй маселелеринин чечүү жолдорун издөө максатында Кочкор райондук денгээлде Руслан Алиевдин жоопкерчилиги менен конференция жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жана «Булак» командасынын экологияны жана мектептин тазалыгын козомолго алганга каражат топтоо максатында уюштурулган коргозмо жарманкеси да мыкты денгээлде өткөрүлгөн.
Бул иш-чараларды аткарууда мектептин 8 класстардан турган “Булак” командасынын ролу зор, себеби 2018 жылдан бери окуучулар арасында ынтымакты, билим, тарбияны тереңдетүү максатында уюшулуп ошондогу 5 класстын класс жетекчилеринин ( Д.Токтоболотова, Б.Солталиева) демилгеси менен уюшулуп, бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келди:
- 2018-2019 окуу жылында 5 «а», 5 «б», 5 «в», 5 «г», 5 «д», 5 «е» класстардынын окуучулары “Өздүк гигиенаны сактоо жана тазалык” темаларында семинарларды өтүшкөн.
- 2019-2020 окуу жылында 6 «а», 6 «б», 6 «в», 6 «г», 6 «д», 6 «е» класстарынын окуучулары экологиялык темаларда бардык класстарга семинарларды өтүшүп, бардык класстарда пластик үчүн жана макулатурага өткөрүлө турган кагаздар үчүн атайын коробкалар уюштурулган.
- Ошол эле жылы “Кочкор тазалык” уюмунун жетекчиси Бегай Биялиева менен бирдикте иш алып барышып, мектептин территориясына таштанды үчүн 3 контейнерлер орнотулуп, окуучуларга таштандыларды сорттоо боюнча түшүндурүү иштери ж үргүзулүп, таштанды ташыган машиналар убактысы менен таштандыларды чыгарып турушту.
- Андан сырткары мектептин 1 этаждарына кагаздарды макулатурага өткөрүү максатында чоң пластик 4 контейнерлер орношулган.
- 2020-2021 жылы 7 «а», 7 «б», 7 «в», 7 «г», 7 «д», 7 «е» класстарынын ата-энелеринин, “Бай түшүм” банкынын колдоосу менен мектептин иштетилбеген жерин жашылдандырууга ылайыктап, туялар жана гүлдөр отургузулган.
- 2021-2022 жылы окуу жылында 8 «а», 8 «б», 8 «в», 8 «г», 8 «д», 8 «е» окуучуларынын жардамы менен мектепте ярмарка уюштурулган, ал иш-чаранын максаты целлофан баштыктарын, полиэтилен пакеттерин аз колдонуу максатында чүпөрөк материалдардан баштыкчалар тигилип, ар бир баштык 200 сомдон сатылып, мектептин “Булак” командасынын ишин жакшыртууга жумшалууда.
- Кочкор айыл өкмөтүнүн экологиялык комитетинин демилгеси менен уюшулган экологиялык жөө жүрүшкө да “Булак” командасы , мектеп жааматынын мугалимдери жана мектеп окуучулары жигердүү даярдыктарды көрүшп, жыйынтыгында 6500сом менен сыйланышты.
- “Булак” командасынын мүчөлөрү класс жетекчилеринин коштоосунда бөлүнгөн участкаларды кыдырып жашоочуларга кайрылуу жана макулатуларды, айрым таштандыларды өткөрүп акча каражатка айландыруу тууралуу жарнама катары кагазчаларды таратып беришти. ( кайрылуу тиркелет)
- “Булак” командасынын 50 мүчөсүнө көк жана жашыл ( көк ачык асман, таза суунун символу , ал эми жашыл түс жашыл ааламдын символикасы чагылдыруу менен) түстөгү формаларды мугалимдер тигип беришти;
- “Жерибизди таштандыдан сактайлы ” деген темада баннерге лозунг менен щит жазалып стадиондо тарапка орнотулду ( окуучу балдардын деңгээлине ылайык окуп назар салыш үчүн атайын өтө бийик эмес );
- Бардык мектеп окуучулары мектеп жааматынын мүчөлөрү сорттологон таштанды ( баклашка, айнек идиштерди, жарабаган пластмасса идиштерди) керектүү жерге өткөрүү үчүн алып келишти.
- 9 жана 10 класстардын экологдору лозунгдарды даядап жардам беришти.
Мектептин экологиялык максаттагы иш-чаралары муну менен токтоп калбайт, алдыда “Булак” командасынынын мүчөлөрүн кеңейтүү менен бирге иш- тажрыйбаларды башка мектептер менен бөлүшүп, проектилерди тартуу жана булактай таза ниеттеги балдарга татыктуу тарбия берип, жергебизди жашылдандып, көрктөндүруүгө аракеттер улана бермекчи.
Ал эми журушко чыккан күнү
87-кг баклажка 1927сом
Айнек 65 кг 162 сом
Алюминьий банка 0, 600 гр 18 сом
пластмасса 3,100 27 сом болуп. Чогултултулган таштандылар 2134 сомболду. Тазалык ишканасы да ыраазычылык ирээтинде биздин мектеп-гимназияга 1000 сом өлчөмүндө стимул ирээтинде берди.
Мына ушундай тазалыкка кошкон салымдын негизинде, айлана тегерегибиз гана тазаланып калбастан, материалдык базасын да толуктап алышты.
Комментарии